Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы
Бөлүм: Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмү жана «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» сектору
Кызмат орду: жетектөөчү адис (2 шт. бирдик)
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде төмөндөгү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

  

  1. «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 орун.

 

Кызматтык милдеттери:

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй – бүлөлөр  жана  балдар менен иш алып баруу, база менен иш жүргүзүү.

 

Квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 21 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).   

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Гуманитардык, юридикалык, экономикалык, техникалык же социалдык илимдер багыттагы жогорку билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт;

 

  1. 2. «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» секторунун жетектөөчү адиси – 1 орун.

 

Кызматтык милдеттери:

 

Башкармалыктын бухгалтердик – финансалык иштерин жүргүзүү.

 Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 21 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).   

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика, финансы багыттагы жогорку билим;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

- бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);

- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9-.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К. Жаманкулов көчөсү 123, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

Маалымат алуу телефону: (03459) 2-25-63.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-07-20 00:00:00
Дата аягы: 2017-08-03 00:00:00