Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районунун Масы айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: 1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары, 2. Башкы адис– чыгымдар боюнча бухгалтер.
Талаптар:

1.      Айыл өкмөт башчысынын орун басары:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Энергетика жана электротехника,  мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика,  айыл чарба, транспорттук техника жана технология,  архитектура жана курулуш багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же/жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Турак жай кодекси, Кыргыз Республикасынын «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жарандык коргоону жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо 2016-жылдын 30.05. № 75-мыйзамы”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,  мыйзамдары.

                                Функционалдык милдеттери:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- коррупцияга каршы иш-чараларын жүргүзүү;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун  издөө);

-маалыматты  талдоо,  системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик  укуктук  актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды  өткөрүүнүн  ыкмаларын  билүү,  элдин алдында сүйлөө,  мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

 

  1. Башкы адис– чыгымдар  боюнча бухгалтер 1 орун.

 

        1) Кесиптик билиминин деңгээли:

- экономикалык багыттагы жогорку билим:

        2) Иш стажы жана  тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

         3) Кесиптик компетентүүлүгү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо 2016-жылдын 30.05. № 75- мыйзмын,  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, жергиликтуу оз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жонундо”, “КР бюджеттик укуктун негизги  принциптери”, “Мамлекеттик сатып алуулар жонундо”, “Салык эмес толомдор жонундо” билуу;)

- жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

                  Функционалдык милдеттери:

-жергиликтүү бюджеттин чыгымдоочу бөлүгүн түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык  бөлүмүнүн иштерин уюштурууга жана түздөн-түз жүргүзүүгө;

-жергиликтүү бюджеттин долбоорун  түзүү;

-жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларынын жазууларын бюджеттик класификацияга ылайык түзүү менен анын аткарылышын камсыз кылууга;

-бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына мезгил мезгили менен талдоо жүргүзүүгө;

-айыл өкмөттүн иш- аракеттерине бюджеттик каржылоону жүргүзүүгө;

-материалдык жактан жооптуу кызматкерлеринен отчетторун оз убагында жана финансы министрлиги тарабынан бекитилген инструкцияларга ылайык тапшыруусун талап кылууга;

                  Талап кылынуучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу  боюнча  өздүк баракча, 3х4 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт, паспорт көчүрмөсү, билими тууралуу документтин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же болбосо иштеген жеринен кадрлар менен иш алып баруу кызматкери тарабынан күбөлөндүргөн), өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

 

          Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин 10 (он) жумушчу күндүн  ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

 

Ноокен району Масы айылы К.Султанов көчөсү №112 тел:(03734) 5-04-19,  0777-72-15-79.

       Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күндү жана жайды кошумча билдирет.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00