Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү, социалдык сектору
Кызмат орду: бөлүм башчысы, адис
Талаптар:

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик административдик кызмат орунун ээлөө үчүн  ачык конкурс  жарыялайт:

 

  1. Райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы - 1штат;
  2. Райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун адиси – 1 штат.

                                                    Квалификациялык талаптар:

     Уюштуруу иштери жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматына:

-Жогорку билим;

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда башкы кызмат орундарында иштеген 3 жылдан кем эмес жыйынды стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан  кем эмес иш стажы.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”     

”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум        

өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн   “Мамлекеттик   жарандык   кызматты   жана  муниципалдык  кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө”, “Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү боюнча  типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомдорун билүү;

компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программаларды колдоно билүү.

Социалдык сектордун адиси кызматына:

-Жогорку билим;

-иш стажына талаптар коюлбайт.  

 Кыргыз  Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,   

 Кыргыз Республикасынын  “Миграция жөнүндө мыйзамдарын”,   Кыргыз Республикасынын “Дене    

 тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарын,  Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн   “Кыргыз   

 Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомдорун  билүү.

-компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программаларды колдоно билүү.

                                                   Функционалдык милдеттер:

             Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы:

Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча иш алып барат.Райондук мамлекеттик администрациясынын  иш пландарын түзөт, иш планына карата  коллегиянын кезектеги  жыйынында  каралуучу маселелерди  жооптуу кызматкерлер менен биргеликте  даярдап көзөмөлгө алат. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын эл менен жолугушуу графигин түзөт, айтылган сын-пикирлер боюнча иш-чара түзүп, аларды тиешелүү жетекчилерге жеткизип, көзөмөлгө алат.Укук коргоо органдарынын  координациялык Кеңешинин катчылык милдетин аткарат жана иш кагаздарын жүргүзөт. Райондук диний экстремизм жана райондук коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу комиссияларынын  ишин алып барат.

социалдык  сектордун  адиси:

социалдык  тармак  боюнча  өзү  тейлеген  тармактар  боюнча   жогорку  органдардан  келген  Указдардын, токтомдордун, буйруктардын, улуттук  программалардын  аткарылышын  көзөмөлдөйт.КР Өкмөтүнө  караштуу Этностор  аралык  мамилелер  боюнча  мамлекеттик  агенттигинин  коомдук  кабылдамасы  менен  бирдикте   иш  алып барат.

                              Талап кылынуучу документтер: 

- сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

- өздүк баракча;

- 4х6 өлчөмдөгү (түстүү) 2 даана сүрөт;

- паспорттун же өздүгүн  күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;

- жогорку билими тууралуу документтин (диплом) көчүрмөсү (нотариалдык       

   конторадан  же иштеген жеринен тастыкталган);

-  эмгек  китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык  конторадан  же   иштеген  жеринен  тастыкталган);

-  резюме;

-  өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматын көрсөтүү менен);

-  мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Б.Осмонов к. №126, тел: (037-36)  5-01-40;5-00-10.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-08-21 00:00:00
Дата аягы: 2017-09-05 00:00:00