Урматтуу Кыргызстандыктар!
Нооруз майрамы кут болсун!
Күн менен түн теңелген мезгилди «жаңы күн», «жаңы жыл» атап, байыртан табият менен камыр-жумур жашоо кечирген элибиз жыл тогошу болгон, улустун улуу күнү Нооруз майрамын кылымдар бою тосуп келишкен.
Басып өткөн жолу менен санжырасын кастарлап, баалуу наркын сыйлаган калктын келечек жолу кенен, багыты байсалдуу болот. Нооруз майрамы элибизге сабырдуулукту, өз ара түшүнүүнү, кубанычты алып келип, тазалануу менен терең ишенимдин жана ынтымактын башаты болсун!
Бар болуңуздар!