Агенттиктин директору Улан Карыпбеков  АКШнын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана директордун орун басары Алмаз Аттокуров, Америка Кошмо Штаттынын Айыл чарба министрлигинин жана эл аралык Мерсико уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Айыл чарба министрлигинин Эл аралык айыл чарба кызматынын өкүлү Мередит Маргарет Портер, Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Елена Бурьян, АКШнын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин айыл чарба атташеси Кристофер Белески катышышты.

Директор Улан Карыпбеков өз сөзүндө АКШнын Айыл чарба министрлигине жана эл аралык Мерсико уюмуна, Макговерн-Доул «Билим берүү үчүн тамак-аш жана балдардын тамактануусу» долбоорун ишке ашырып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган долбоордун башкы максаттары болуп Кыргызстандагы мектептерде окуган башталгыч класстардагы окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо, жана мектептердин инфраструктурасын өркүндөтүп, мектеп алдындагы бакчаларды отургузуп, окуучулардын арасында китеп окууга үндөө менен мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп эсептелинет.

Конумчалай кетсек, 2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, эл аралык Мерсико уюму менен эки тараптуу Меморандум кол койгон. Аталган Меморандумдун алкагында Макговерн-Доул «Билим берүү үчүн тамак-аш жана балдардын тамактануусу» долбоорун 5-жыл аралыгында ишке ашыруу каралган.

Анын алкагында Кыргызстандагы мектептерде окуган башталгыч класстардагы окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо, жана мектептердин инфраструктурасын өркүндөтүп, мектеп алдындагы бакчаларды отургузуп, окуучулардын арасында китеп окууга үндөө менен мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп эсептелинет.