Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Стамбулда адам ресурстарын башкаруу тармагындагы форумга катышууда
2022-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына чейин Түркиянын Стамбул шаарында адам ресурстарын башкаруу тармагындагы Форум өтүүдө.
Форумдун максаты – ар кайсы өлкөлөрдөн жана мекемелерден келген ар кандай катышуучуларды чогултуу аркылуу адам ресурстары жаатында тажрыйба алмашуу борборун түзүү.
Аталган Форумдун алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча уюмдарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын заманбап моделинин өзгөчөлүктөрү» деген темада баяндама жасап, форумдун катышуучуларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Агенттик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Бул Форумга эл аралык уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, окумуштуулар, университеттик карьера борборлорунун менеджерлери, карьера маселелери боюнча консультанттар жана мамлекеттик башкаруунун ар кандай секторлорунун эксперттери катышууда.
Форумдун күн тартибинде төмөнкү темалар белгиленген:
— мамлекеттик кызматка квалификациялуу кызматкерлерди тартуу;
— мамлекеттик кызматчылардын мотивациясын жогорулатуу;
— мамлекеттик кызматчыларды окутуу.
Бул Форумга катышуу мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле катышуучу уюмдардын ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.