«Урматтуу, телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик күнүңүздөр менен куттуктайм!
Мындан туура 90 жыл мурун кыргыз радио уктуруулары обого чыккан болсо, 64 жыл мурун телекөрсөтүүлөр бериле баштаптыр.
Ошондон бери карай, кыргыз маалымат айдыңында коомдун күзгүсү боло алдыңыздар.
Санариптештирүү агымынан дагы өз ордунуздарды табууңуздарга тилектешмин.
Сиздерге чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Э.Н. Джантаев