Кыргыз Республикасынын ”Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бөлүмдүн Башкы адиси бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуу үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
- Кесиптик билимдин деӊгээли: жогорку билими “педагогикалык”, “гуманитардык”.
- Иш стажы жана иш стажысы: жалпысынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
- Кесиптик компетенциялар:
- Билим: КР нын Мыйзамдары: “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “ КРжалпы билим берүүчү мектептеринде окуучсулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө”
- Билгичтик:
- КР нын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5- мартындагы № 72- “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.
- маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тармакка тиешелүү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана практикада колдонуу;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
- маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- жаӊы эмгек шарттарына көнүү;
- Көндүмдөр:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- ишти туура пландаштыруу жана убакытты туура бөлүштүрүү;
- башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
- компьютердик жана оргтехникалык жана керектүү программалык жөндөмдөргө ээ болуу;
- Талап кылынуучу документтер: башчынын наамына арызы, кадрларды каттоо боюнча баракчасы жана сүрөтү, резюмеси, эмгек китепчесинин жана дипломунун ноталиалдык ырастамалар менен бекитилген көчүрмөлөрү жана паспортунун көчүрмөсү (түп нускаларын конкурска келгенде көрсөт), ИИМден сот жообуна тартылбагандыгы тууралуу маалымдама.
Документтер кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 иш күндүк мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ак- Суу району, Теплоключенка айылы, Т. Сыдыкбеков көчөсү № 92, Ак- Суу райондук билим берүү бөлүмү.
Байланыш телефону: (03948) 92-3-36, 92-1-73 Эл. дареги: aksuroo74@mail.ru