Бакай- Ата районунун  Бакай-Ата  айылдык аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде бош административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак жарыялайт

 1.Ленинполь айылдык кенешинин жооптуу катчысы- 1 орун;

 

Ленинполь айылдык кенешинин жооптуу катчысы1 орун;

Функционалдык милдеттери:

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо;

Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;

Айылдык кенештин иш номенклатурасын  түзүлүшүн жана аткарылышын көзөмөлдөйт;

Мамлекеттик жана кызматтык Мыйзам менен корголгон сырды сактоого милдеттүү;

Айылдык Кенештин иш кагаздарын жүргүзөт;

Айыл өкмөтүнүн кенешмелеринин жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл материалдарды даярдоону камсыз кылат;

Айылдык кенешинин жана айыл  өкмөтүнүн коомдук иштерине активдүү катышууга;

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик- укуктук актыларын билүүсү;
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет);
  • Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл.

 

Кесиптик билим денгээли:

  • Жогорку кесиптик билим;

Иш стажы жана иш тажрыйбасы:

  • Мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматтагы жыйындын стажы 3 жылдын кем эмес же тиешелүү кесиптик  чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

 

 

Көндүмдөрү:

-аналитикалык  жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу ( баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү;

-мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз  ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

— бош муниципалдык  кызмат ордун көрсөтүү менен өздук арызы;

 — бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

— кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 эки даана);

— өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, кваливикациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү № 46, Бакай-Ата айыл өкмөтү

Байланыш   телефону:  03457 32281, 03457 60223