Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин базасында айыл өкмөттөрдүн башчылары, шаар мэрлеринин жана акимдердин орун басарларына «Мамлекеттик башкаруудагы долбоордун менеджменти» темасы боюнча Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы З.Тургунбаев, КР Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.Акматалиев, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Мадяров жана БатМУнун ректору А.Гыязовдун катышуусунда окуу- тренинг өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында облустун аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында окутуу, кайра даярдоо үчүн Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармачылыгынын жетекчиси З. Тургунбаев менен БатМУнун ректору А.Токторов кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Окуу- тренинг 28-февралда улантылат.