Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин административдик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө (У-А; У-Б категориялары).

 

Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны;
  • Мурда соттолбогон;
  • Кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.

Улук административдик муниципалдык кызмат ордуна: Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).

 

Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

 

  1. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө жалпы квалификациялык талаптар:

 

1)  кесиптик билимдин деңгээли:

— экономика жана башкаруу багыттагы, ошондой эле “юриспруденция” жана “эл аралык мамилелер” адистиктери боюнча жогорку билими.

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” мыйзамдары.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— чет тилди билгени артыкчылык болот;

— билгичтиги:

   маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

  аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо   жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн жеке делого тиркелген төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

 

 Жеке делого тиркелген документтер 2022-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 15-ноябрына чейин, саат 17.00гө чейин  Жибек Жолу проспектиси 328 дареги боюнча, 1-кабат 8-бөлмөгө жеке тапшырылышы керек, телефон: (0312) 66 09 25.

 

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер мындан ары конкурска катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.