Ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму болуп өттү
2023-жылдын 28-февралында
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин катышуусунда кезектеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан аты жок № 331 мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын кайра атоо жөнүндө.
Биринчи жана экинчи маселелер Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында сунушталган.
Үчүнчү маселеде Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын 12 калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунуш берилди.
Төртүнчү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынын 4 айыл аймагы жана 7 айылы кайрадан атоого сунушталды.
Комиссиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, комиссия тарабынан көрсөтүлгөн маселелер колдоого алынды.