Жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн 2023-жылдын 22-мартынан 25-мартына чейин аткарган иштери

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн базасында семинар-кеңешмени уюштурууга көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 2023-жылдын 15-мартында № 01-13/81 жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына № 01-13/82 сандуу каттары жөнөтүлүп, 2023-жылдын 22-мартында Чоң-Сары-Ой айыл өкмөт башчысы менен               “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагы боюнча семинар-кеңешменин программасын түзүү тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү Программасын иштеп чыгуу боюнча экперттик топ менен                   2023-жылдын 22-мартында талкуу жүргүзүлдү.

2023-жылдын 25-мартында агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмү жана фонд Ханнс Зайделдин уюштуруусу менен эксперттик топтун “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (жер маселеси, инвестиция тартуу маселеси, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштары жана аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү) тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштарына жана мамлекеттик кадр маселелериндеги өзгөрүүлөргө кандай таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын жайылтуу максатында онлайн окуутуу боюнча график түзүлүп, 2023-жылдын 25-мартында № 01-13/94 сандуу кат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү жана 27-марттан баштап онлайн окутуулар уюштурулат.