Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн 2023-жылдын 20-мартынан 25-мартына чейин аткарган иштеринен
2023-жылдын 22-мартында бөлүм башчы Т.Э. Мамасалиева Өнүктүрүү саясат институтунда Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата Программасын талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча тегерек столго катышып, тиешелүү сунуштарды берди.
2023-жылдын 25-мартында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн демилгеси боюнча Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык милдеттерин тактап, Жоболорун бекитүү боюнча тегерек стол уюштурулду. Аталган тегерек столго Агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн, талдоо иштери бөлүмүнүн, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн, административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнүн жана электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчылары жана кызматкерлери катышты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте, “Өз багыты менен колдонулбай келген бала бакчалардын имараттарын бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгууга катышып, Агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштар, сын-пикирлер берилди.