Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн 2022-жылдын 24-октябрынан 28-октябрына чейин аткарган иштери жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору ушул жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңштин жыйынында жактырылып, 3 окууда кабыл алынды.
Бул Мыйзам долбоору менен 3 айыл аймактын (Марказ, Халмион, Маргун) жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлөт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна тиешелүү маалыматтардын көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин бөлүмүнө берилди.
“Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору КР Президентинин Администрациясы тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Мыйзам долбооруна тиешелүү маалыматтардын көчүрмөлөрү кагаз жана электрондук түрдө КР Президентинин Администрациясына жана Жогорку Кеңешке берилди.
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору менен 15 калктуу конушка айыл макам ыйгаруу сунушталган. Бул Мыйзам долбоорун КР Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүүгө даярдалууда.
Ошондой эле, КР Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусуна жооп, Экономика министрлигине отчет, директордун орун басарына Административдик-аймактын маселелер боюнча маалыматтар даярдалды.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты айыл өкмөтү” конкурсунун жыйынтыгын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыгып, макулдашууга Министрликтерге жөнөтүлдү.
Экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин айкалыштыруунун максатка ылайыктуулугу боюнча маалымат даярдалды.
Кадамжай районундагы жергиликтүү жамааттын демилгелүүлүгүн арттыруу боюнча республикалык кеңешмеге жетекчиликке маалымат даярдалды.
1-5-ноябрда Ош, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен өткөрүлүүчү семинардын программасы түзүлүп, презентациясы даярдалды.
Түп районундагы Административдик-аймактык реформа жөнүндө Указ боюнча корутунду даярдалды.
Суу пайдалануучулар Ассоциациясы, жайыт комитети, Ичүүчү сууну керектөочүлөрдун айылдык коомдук бирикмесинин статусу, ишмердүүлүгү жөнүндө аналитикалык маалымат даярдалды.
Бөлүмдүн башкы адиси “Жигердүү жарандар форумуна катышты.