Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн 2022-жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин аткарган иштери
1. 2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Ош шаарында көчмө жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги 5 маселесине басым жасалып, Агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкулов жергиликтүү бюджеттик көйгөлөр боюнча доклад менен бирге презентация жасады.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги 5 маселеси:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өздүк каражаттын жетишсиздиги (ирригациялык жумуштарга, ички чарба жолдорун курууга, инфраструктуралык курулуштарга, таза суу менен камсыздандырууга);
2. Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү грантты көбөйтүү маселеси; (3 млндон 6 млн сомго көбөйтүү)
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселеси;
4. Жергиликтүү бюджеттерге салыктарды түшүрүү үчүн айрым мамлекеттик органдардын айыл өкмөттөр менен макулдашуу аркылуу жумуш алып баруусу;
5. Башкы планды иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына фотосъемка, аэросъемка жүргүзүүгө кошумча каражаттарды бөлүү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин мүчөлөрү жана А.У. Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкулов, бөлүм башчы Т.Э. Мамасалиева ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин жана сын-пикирлерин эске алуу менен үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимине келишти.
2. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга макулдашууга 2022-жылдын 13-октябрында чыг. № 01-14/123 каты менен жиберилип, 14 мамлекеттик органдардан корутундулар алынып, анын ичинде 3 мамлекеттик органдардан сын-пикирлер жана сунуштар келип түштү. Азыркы учурда таблицалар топтому даярдалды.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы муниципалдык ишканалар боюнча бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтар алынууда.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын “Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө” протоколдук тапшырмасына (2022-жыл 26-октябрь чыгыш 18-5827) ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көбөйтүү, каржылоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдоо максатында токтомдун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына бөлүмдүн кызматкери кирди. 2022-жылдын 2-3-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жумушчу топтун отурумуна катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча суроолорго жооп берилип, тиешелүү сунуштар берилди.
5. Бөлүм тарабынан келип түшкөн укуктук ченемдик актылардын долбоорлору, келип түшкөн тапшырмалар жана жарандардын кайрылуулары өз убагында аткарылышы көзөмөлгө алынган.
6. Ошондой эле, бөлүм тарабынан үзгүлтүксүз негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук, консультативдик жана практикалык жардам көрсөтүлүп жатат.