“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору менен 15 калктуу конушка айыл макам ыйгаруу сунушталган. Бул Мыйзам долбоорун КР Президентинин Администрациясынын кароосуна 2022-жылдын 2-ноябрында киргизилди.
Ошондой эле, КР Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусуна жооп, Экономика министрлигине отчет, директордун орун басарына Административдик-аймактын маселелер боюнча маалыматтар даярдалды.
КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору тууралуу тиешелүү маалыматтардын көчүрмөлөрү КР Жогорку Кеңешине берилди.
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкарамалыгына тиешелүү талаш жер маселелер тууралуу жооп КР Президентинин Администрациясына берилди, бул маселе боюнча 4.11.2022-жылы тиешелүү документтерин тактоо боюнча Т. Тайгараев башкармалыгынын жер адиси менен жолугушуу уюштурулуп, түшүндүрмө берилди.
КР Президентинин Администрациясына административдик-аймактык түзүлүш маселелер тууралуу протоколдук тапшырмага жооп жөнөтүлдү.
1-ноябрьдан 5-ноябрьга чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту турмушка ашыруунун жана өркүндөтүүнүн маселелери” темасында семинар өткөрүлүүдө.
Агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Жараны концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулган КР жарандарынын жергиликтүү жана улуттук деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусуна мониторинг жүргүзүүнүн уюштуруу-методикалык базасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко катышып, өз сунуштарын берип келишти.
Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, эмгек ардагери М. Касымалиевдин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго жолдонгон каты тиркелген Агенттиктин директору Э.Н. Джантаевге жолдонгон каты каралып чыгып, жооп даярдалды.
Чүй облусунун Москва районунун Целинный айылдык кеңешинин мурдагы төрайымы С.Н. Пактын Кыргыз Республикасынын Президентине жолдонгон арызы каралып, териштирилип чыгып, жооп даярдалып арыз ээсине жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 2022-жылдын 9-10-ноябрында Каракол жана Балыкчы шаарларында айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, шаарлардын мэрлерин, райондорунун акимдеринин орун басарларын, жарандык коомдордун өкүлдөрүн чакыруу менен, “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту турмушка ашыруунун жана өркүндөтүүнүн маселелери” деген темада өткөрүлүп жаткан семинарларды уюштурууга көмөк көрсөтүү тууралуу кат, семинардын программасы даярдалып, жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан, аялдарга жана кыздарга зордук-зомбулукту жоюуга багытталган БУУнун үч жылдык «Инициатива Луч Света» программасынын алкагында өткөрүлүп жаткан (7-10-ноябрь, 17-20-ноябрь) эки тренингге Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Нарын облустарынын 12 пилоттук айыл өкмөттөрүнүн социалдык маселелер боюнча адистеринин тизмесин алуу жана кабарландыруу жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилген тапшырмага ылайык, Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-аракеттер планынын аткарылышы тууралуу ыкчам билдирүү даярдалып жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы дагы бир жолу, сын-сунуштарды эске алуу менен редакцияланып, жетекчиликке, тиешелүү адистерге жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору Б.И. Орозбаевге макулдашууга жөнөтүлдү.
Агенттиктин структурасын оптималдаштыруу багытында жетекчиликтин тапшырмасы менен Агенттиктин жаңы бөлүмүнүн жобосунун долбоору даярдалып, жетекчиликке жана тиешелүү адистерге макулдашууга жөнөтүлдү.
Агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, катышуучулар акселерациялык программадан өтүшү үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын алдын ала тандоо жыйынына катышып келишти.