Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, аталган жарлыкты иш жүзүндө ашырууга зарыл болгон, Агенттикке жүктөлгөн тапшырмаларда каралган чараларды жеринде иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков, бөлүмдүн башчысы Т.Э. Мамасалиева, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү секторунун башчысы С.Бакасов жана административдик-аймактык тузүлүш маселелери боюнча бөлүмдүн башкы адиси Самаган Карыя 2023-жылдын 16-18-февраль күндөрү Түп районуна иш-сапарына чыгышты.
Ошондой эле, бөлүм тарабынан 2023-жылдын 15-февралында талдоо иштери бөлүмүнө 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында өткөн биринчи Элдик Курултайда делегаттар тарабынан кат түрүндө келип түшкөн кайрылууларды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин иш чараларынын планындагы тиешелүү пункттарды карап чыгып, сунуштар берилди.