Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн улук кызмат (экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А,У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
У-А үчүн: Кыргыз Республикасынын “Бюджетттик”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.
У-Б үчүн: Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” кодекси, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.
Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн кенже кызмат ордундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А,)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби жөнүндө”, Жайыттар жөнүндө мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (социалдык блок) ордундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Ошондой эле башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арыз;
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык мекемелер тарабынан күбөлөндурүлүп, ырасталышы керек);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык мекемелер тарабынан күбөлөндурүлүп, ырасталышы керек).
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Конкино көчөсү, №57/14. Тел: 0709-82-12-09
Документтерди кабыл алуу убактысы 8-30дан 17-00 чейин.
Эскертүү: Айыл өкмөтүнүн аймагы деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкандыгы эске алынсын.