Кара-Буура райондук мамлекеттик администарациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун (социалдык маселелер тармагы боюнча) ээлөөгө.
– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун (уюштуруу тармагы боюнча) ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобу (социалдык маселелер тармагы боюнча) үчүн:
— Кесиптик билимдин деңгээли:
Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, табият таануу илимдери боюнча, педагогикалык билим берүү жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку билим.
— Стажы жана иш тажрыйбасы:
Иш стажына талаптар коюлбайт;
— Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамы;
2)Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын “Ички миграция жөнүндө” мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери
жөнүндө” мыйзамы;
7)кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— Билгичтиги:
— жогору жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо ;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;
— командада иштөөсү.
Көндүмдөрү:
— Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маселелерди натыйжалуу чечүү;
— аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
— мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
2. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобу (уюштуруу тармагы боюнча) үчүн:
— Кесиптик билимдин деңгээли:
Экономика жана башкаруу, юриспруденция, табият таануу илимдери боюнча, социалдык, транспорттук техника жана технология, айыл чарбасы жана техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билими;
— Стажы жана иш тажрыйбасы:
Иш стажына талаптар коюлбайт.
— Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси;
2)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Администарциялык-аймактык түзүлүшү тууралуу жөнүндө мыйзамы;
6) Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобосу
8) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
— командада иштөө.
Көндүмдөрү:
— мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көчөсү №7, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын имараты,3-кабат, 315-иш бөлмөсү Тел. 0551556676; 0551980898.