Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ.

Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт;

-административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө

-административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө

-административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

        Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

  • соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайк келүүгө.

 

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу (жооптуу катчы багыты боюнча) үчүн

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

  3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

 

  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ № 308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 24 Жарлыгыны менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун ;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

          Билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

          Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү;

-мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

         Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы багыты боюнча) үчүн.

          1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

           —  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Административдик кызмат орундарынын улук тобу (жерге жайгаштыруу багыты боюнча) үчүн

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу (киреше багыты боюнча) үчүн

  1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (социалдык коргоо багыты боюнча) үчүн

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (экономика жана статистика багыты боюнча) үчүн

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (чыгаша багыты боюнча) үчүн. 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

жана расмий тилдерди билүү.

 Билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

        Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (аскердик-эсепке алуу столунун инспектору багыты боюнча) үчүн

 Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.   

      Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Кара-Буура району, Ак-Чий айылдык аймагы, Жоон-Дөбө  айылы Р.Осмонов көчөсү, №22,   байланыш телефондору:  0709710725, 0555231090.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *