Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2) “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

4) “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

— жеке арызы;

— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү.

Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Маткадыров көчөсү №2.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 22-мартынан тартып  2023-жылдын 10-апрели  саат 18.00 чейин.

Байланыш телефону: 0778 07 19 41. кабинет № 5. (райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Мамекова Бегайым Тажибаевна).

Жарыя mkk.gov.kg жана gvfi.gov.kg сайттарына илинет.

Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.