КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт.
- Кенже административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына төмонкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, инженердик геология, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, геофизика жана гидрогеология; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, информатика технологиялары.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
5) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
6) Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Предметтик мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жоболорун.
3.2 Билгичтиги:
— изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;
— алыстан жерди зонддо программалары (космосттук суроттор менен иштоо программалары), моделдөө программалары (RAMMS, FLOW-R, FLOW2D, HEC-RAS ж.б.) Илюстрациялык программалар, Internet программалары боюнча билими
— гидродинамикалык жана реологиялык моделдөө анализдеринин негиздерин билүү;
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо боюнча билими;
— кооптуу табигый кырсыктар мониторинги боюнча отчетторду түзүү;
— жылына басып чыгуучу божомолдоо материалдарды түзүү;
— жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл.
3.3.Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди маалыматтарды түзүү, презентация кылуу;
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү.
3.4.Кызматтык милдеттери:
— кооптуу табигый жана техногендик процесстерди изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча келген маалыматтарды чогултат, инвентаризациялайт жана тутумдаштырат;
— мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын негизинде кыска жана узак мөөнөттөгү божомолдорду даярдоого катышат;
-табигый кырсыктарды божомолдоо максатындагы маалыматтарды компьютердик-картографиялык программалары менен аткарууну камсыз кылат;
— фондулук жана архивдик материалдарды чогултат жана талдайт;
— Департаменттин жана башкармалыктын отчеттор жыйнагын түзүүдө катышат.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-паспорттун көчүрмөсү;
— эмгек китепчеси, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтеридин нотариус аркылуу же персоналдарды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтерди 2023-жылдын 6-февралына чейин КР ӨКМге караштуу ӨКМЖБ департаментинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.
Ош шаары, Муминова көчөсү-11, 212 кабинет, Байланыш телефону: 0558 789865, 0770 226277;
Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү-128, 2-этаж КР ӨКМдин ӨКМЖБД.