2023-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин катышуусу менен «Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдө Жогорку Кеңештин ролу» темасында форум болуп өттү.
Директор Агенттиктин санариптештирүү тармагындагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, “e-Kyzmat” жана «Санарип аймак» аттуу эки ведомстволук автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө айтып берди.
Форумда өлкөнү санариптештирүү боюнча актуалдуу темалар көтөрүлүп, талкууланды. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтык коомду өнүктүрүү процессинде өлкөнүн коомдук турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүн камтыган ири жана чакан санариптик долбоорлор ишке ашырылды.