“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу” кичи-футболунун финалдык мелдеши жыйынтыкталды.
Кечеги күнү, Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу” кичи-футбол боюнча республикалык турниринин жыйынтыктоочу оюну аягына чыкты.
Буга чейин обулустарда тандоо турлары уюштурулуп Ош облусу — Кара-Суу району, Баткен облусу – Баткен району, Жалал-Абад облусу – Ноокен району, Чүй району – Кемин району, Талас облусу – Талас району, Нарын облусу – Жумгал району, Ысык-Көл облусу — Ак-Суу раойну экинчи баскычка өтүшкөн болчу.
Булардан тышкары, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунан 1 команда түзүлсө, Республикалык (Бишкек-Ош) жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринен 1 команда куралып, ошондой эле шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынан 1 команда финалдык баскычта оюн көргөзүштү. Тактай кетсек, Республикалык мелдештин финалдык баскычында жалпысынан 10 команда катышты.
Ошентип финалдык мелдеште төмөнкү командалар ийгиликке жетише алышты.
Кубок:
1-орун: Шаардык кеңештердин төрагаларынын командасы (республикалык жана облустук маанидеги).
2-орун: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук командасы (Айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары).
3-орун: Чүй облусунун Кемин районунун командасы (Айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары).
Мындан сырткары:
«Мыкту дарбазачы»
«Мыкты коргоочу»
«Мыкты чабуулчу» номинациялары менен дагы сыйланышты.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич КР ЖӨБ Союзунун жетекчиси Б.И. Орозбаев, Агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдор тапшырып жеңүүчүлөрдү куттуктап сөз сүйлөшүп, аземди салтанатту жабык деп жарыялашты.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов эртең менен турнирдин ачылышында келип Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өзүнүн атынан куттуктап сөз сүйлөп кеткен. Ошону менен бирге, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы У.Б. Примов дагы катышып, ийгилик каалоо менен агенттиктин директоруна уюштуруу иштери үчүн 50 000 сомдук акчалай сертификатын тапшырды.