Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматтын башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрлар резервине конкурс:
— аймактык бөлүмдөрдүн (Ош ш.) башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө;
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1)Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2)жашы 21 жаштан кем эмес;
3)кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1.Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1)жогорку кесиптик билим («Экономика жана башкаруунун» бардык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналды башкаруу; гуманитардык илимдердин юриспруденция (укук таануу) багыты боюнча, эл аралык мамилелер, техникалык илимдердин бардык багыттары боюнча);
2)мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3)негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
-«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы,
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,
-«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
4)предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
-«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамы,
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестри,
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти,
-«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-» Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
-«Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3.Билим адистиктерине (багыттарына) ылайык кесиптик компетенциялар:
3.1.Билим:
-жеке компьютер жана кеңсе программаларын мыкты өздөштүрүү,
-милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
3.2.Көнүмдөр:
-жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу,
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө;
-чоң маалымат массивдерин иштетүү;
-маалыматтарды чогултуу жана маалыматтарды талдоо;
-демилгелүүлүк, жоопкерчилик;
-маалыматтар базасы менен иштөө.
3.3.Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана компьютердик программаларды түзүү боюнча милдеттерди коюу;
-электрондук маалымат базалары менен иштөө;
-процесстерди структуралык моделдөө;
-башкаруу бизнес процесстерин моделдөө;
-маалыматтык-аналитикалык документтерди түзүү;
-маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана жалпылоо;
-окутуучу семинарлардын презентацияларын уюштуруу жана өткөрүү;
-уюштуруу иштери;
-изилдөө иштери;
-тапшырмаларды пландаштыруу жана натыйжаларды баалоо;
-тапшырмаларды ыкчам аткаруу;
-аналитикалык документтерди даярдоо.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкүдөй ырааттуулукта атайын папкага көктөп тапшыруу керек:
1)мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
2)резюме (жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен);
3)автобиография (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4)нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
5)нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
6)окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7)паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2023-жылдын 25-майына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 122, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик, каб.214 (ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн тышкары).
Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.