Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана шаарлардын мэрлери үчүн эки күндүк окутуу курсунун ачылышы болду
Бүгүн, 28-Апрель 2023-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана шаарлардын мэрлери үчүн эки күндүк окутуу курсунун ачылышы болду.
Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А. А. Аттокуров, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев жана мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А. А. Акматалиев катышты.
Э.Ж. Байсалов белгилегендей, бул окутуу Кыргыз Республикасынын Президентинин «жаңы Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүп жатат жана региондордогу жетекчилердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Окутуунун негизги максаты – региондорду социалдык жана экономикалык өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу, жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүү, инвестицияларды тартуу жана аларды толук ишке ашыруу боюнча билим жана көндүмдөрдү алуу экендиги белгиленди.
Ошондой эле семинарда талкууланган маселелер региондорду өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган милдеттерди чечүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
А.А. Аттокуров бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле саясий жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын квалификациясын жана кесиптик өнүгүү деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын жана мындай окутуу үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөрүн белгиледи.
Аталган тренингдин биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, шаарлардын мэрлеринин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары үчүн ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Жалпысынан 530дан ашык адам окуудан өткөн.