Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Социалдык коргоо департаменти административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;
-аңгемелешүү
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
-укуктук, гуманитардык, социалдык, ошондой эле экономика жана башкаруу жаатындагы жогорку билим.
1)административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
-жогорку билим;
–мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
2)административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
-Жогорку билим;
-Иш стажына талап коюлбайт.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
I)Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн:
Жалпы мыйзамды билүү
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4)Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мыйзамдарды билүү боюнча
7)Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси.
8)»Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
9)»Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»;
10)»Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө»;
11)»Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө»;
12)»Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
13)2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө»;
14)2018-жылдын 29-июнундагы No 307 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»;
15)2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 «Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө»;
16)Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы No 137 буйругу менен бекитилген «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө жобо».
Төмөнкулөрдү билүү:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдердин билүүсү;
–компьютердик сабаттуулукка жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү;
–файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
–тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө;
–маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана график түрүндө көрсөтүү.
Билгичтиги:
–маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
–аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
–маалымат алмашуунун жогорку ылдамдыгынын жана берилиштердин гетерогендүүлүгүнүн шарттарында маалымат базалары менен иштөө;
–статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу;
-эл алдында сүйлөө;
–жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
•ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
•башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
•компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
II)Мамлекеттик кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн:
Жалпы мыйзамды билүү
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мыйзамдарды билүү боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
4)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5)«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө»;
6)»Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
7)2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө»;
8)2015-жылдын 27-октябрындагы №733 “Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асыроого (асырап алууга) берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.
Төмөнкулөрдү билүү:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
-компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды билүү.
–файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);
–тесттик, графикалык жана столдук редакторлор менен иштөө.
–маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү.
Билгичтиги:
•жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
•документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
•жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо.
•командада иштөө.
Көндүмдөрү:
•ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
•компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
-жеке арыз;
-жеке эсепке алуу баракчасы
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 10-апрелинен 21-апрелине чейин.
Документтер папкага салынып толук версиясы менен Бишкек шаары, Московская көчөсү 194, № 206 кабинет дарегиндеги Социалдык коргоо департаменти саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:(0312) 31-25-05; 0772-90-32-48
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.