ЛЕНИН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН КАДРЛАРДЫН РЕЗЕРВИНЕ КИРҮҮ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ.

 

БАШКЫ ТОПТОГУ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

  1. Кесиптик билим деңгээли: — жогорку билим ( Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансы-экономикалык, Айыл-чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында); — тийиштүү багыттагы жогорку билим.
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы: — Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы;
  3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; — адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— билгичтиги:

— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

— Көндүмдөрү:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стартегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам дачрдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылдар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

— компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

УЛУК ТОПТОГУ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1) Кесиптик билимдин деңгээли: — жогорку билим – Социалдык иштер адистиги боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансы-экономикалык, Айыл-чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында; — тийиштүү багыттагы жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлугү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

— Билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

— Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

КЕНЖЕ ТОПТОГУ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

1) Кесиптик билимдин деңгээли: — муниципалдык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлугү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— Билгичтиги: — жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; — мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

— Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

— өздүк арыз;

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

— Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

— Арыз берүүнүн мөөнөтү: жарыя чыккан күндөн баштап 1 (бир) календардык ай.

— Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ленин айылы К.Маматов 3. (Персонал менен иштөө бөлүмү),

— сурап билүү тел: +996778667556.

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *