«Мамлекеттик башкаруудагы доолбордук менеджмент» атуу Талас облусундагы семинар болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте Президенттик Аппараттын тапшырмасынын алкагында Талас облусунуда 2023-жылдын 1-2- март күндөрү өтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, жана айыл өкмөт башчыларына семинар өткөрүлүүдө. Окутуу семинары «Мамлекеттик башкарууда долбоорлордук менеджмент» темасынын алкагында өтүлүүдө. Семинарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары К.Б. Осмонбеков жана ТалМУнун ректорунун м.а. С.С.Жумалиевдер ачып, семинардын катышуучуларына каалоо тилектерин айттышты. Семинар окутуучулар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты В.К. Осмонбетова , ТалМУнун доценти, саясий илимдеринин кандидаты А.К.Укуева , ТалМУнун доценти, социология илимдеринин кандидаты Г.Ж.Турсалиевалар тарабынан өткөрүлүп жатат.
Семинарга жалпы 42 кызматкер катышууда.