«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө cеминар-кеңешме уюштурулду

2023-жылдын 16-февралында Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында министрликтердин борбордук аппаратынын, административдик ведомстволордун жана аларга караштуу түзүмдөрдүн персоналды башкаруу кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусунда семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Семинарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурган.

Семинардын максаты мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бирдей колдонуу, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоодо, сыноо мөөнөтүнөн өтүүдө кызматтык териштирүүдө консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Семинардын катышуучулары аттестация, сыноо мөөнөтүнөн өтүү, кызматтык териштирүү процедуралары боюнча эң актуалдуу маселелерди көтөрүштү, алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин кызматкерлери жооп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *