Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтүү бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жалпы республикалык эки күндүк окутуу ишин Бишкек шаарында улантууда.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн экономикалык маселелер боюнча орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын экономикалык маселелер боюнча орун басарларын, шаарлардын экономикалык маселелер боюнча вице-мэрлерин жана Чүй облусу боюнча айыл өкмөт башчыларын окутуу жүргүзүлүп башталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А. У. Жапаровдун протоколдук тапшырмасынын алкагында 2023-жылдын 9-10-мартында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн экономикалык маселелер боюнча орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын экономикалык маселелер боюнча орун басарларын, шаарлардын экономикалык маселелер боюнча вице-мэрлерин жана Чүй облусу боюнча айыл өкмөт башчыларын “Мамлекеттик башкарууда долбоорлук менеджмент” темасында эки күндүк окутуу өткөрүлөт.
Курстун максаты – катышуучуларга региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштырууну жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган сабаттуу долбоордук башкарууну эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча практикалык көндүмдөрдү берүү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууга инвестицияларды тартууга көңүл бурулат.
Окуу Бишкек шаарында Жусуп Абдрахманов атындагы КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында өтөт.
Буга чейин атайын даярдыктан өткөн (аталган тематика боюнча тренерлер үчүн тренинг) көрсөтүлгөн ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын окутуучулары тренер болушат.
Өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аталган категориясындагы 126 адам билим алат.
Семинардын биринчи күнүндө тренерлер/окутуучулар «Мамлекеттик башкарууда долбоордук менеджменттин» теориялык бөлүгүн айтып беришти, ал эми экинчи күнү практикалык сабактар (кейстерди талдоо, алдын ала долбоорлорду даярдоо ж. б.) өткөрүлөт.
Буга чейин 27-февралда жана 1 жана 2-мартта ушундай окутуу Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында дагы өткөн.