Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Ош, Баткен, Жалал-Абад обулустарындагы жергиликтүү активтерге “Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды турмушка ашыруу жана өркүндөтүү маселелери” аталыштагы семинар өтүүдө.

Семинарда  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы милдеттери” тууралуу тренинг жасалып, Агенттик тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  жамааттарынын Типтүү уставынын презентациясы жасалып, “Муниципалдык кызматты өтөөнүн маселелери” талкууланууда.

Иш-чаранын ачылышына Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору –Джантаев Эльчибек Нуржадыевич катышып келди. Учурда мекеменин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башчысы Ч.Ч. Ачикеева, Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А.А. Аттокуров Түштүк аймактык башкармачылыктын башчысы Т.З. Тургунбаев ж.б. кызматкерлери иш алып барышууда.