Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу менен биргеликте уюштурулган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу” кичи-футболунун финалы аяктады.
Агенттиктин директору Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, ЖӨБ союзунун жетекчиси Орозбаев Бектурган Ибраимовичтердин бирдиктүү иш алып барууларынын натыйжасында аталган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Номинацияларда:
1. “Мыкты дарбазачы” номинациясы Шаардык кеңештердин (республикалык жана обулустук маанидеги) төрагаларынын курама командасынын №1 оюнчусу Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Батыркулов Кадырбек Дооронкуловичке ыйгарылды.
2. «Мыкты коргоочу» номинациясына Аксуу районунун айыл өкмөт башчылары менен аыйлдык кеңештердин төрагаларынын курама командасынын №8 оюнчусу Бөрү-Баш айылдык кеңешинин төрагасы Каниев Актилек Таалайбекович татыктуу болду.
3. “Мыкты чабуулчу” номинациясына Кемин районунун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен уюштурулган курама команданын оюнчусу Бактыбек Чанчаров жетише алды.
Ошентип командалар арсындагы мелдеште биринчиликке Шаардык кеңештердин төрагалары чыкса, экинчиликке Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району жетишип, үчүнчүлүктү Чүй облусунун Кемин району багындыра алышты.
Алдыңкы үчтүккө чыккан командалар акчалай сыйлыктар менен дагы сыйланышты.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын май айынан бери карай обулустарда райондор аралык мелдештер өткөрүлүп, баардык аймактардан бирден утуп чыккан командалар Бишкекке жолдомо алышкан болчу.




