Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформага боюнча УЧАга өзгөртүү киргизүү сунушталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 жана 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” жарлыктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу маселелерди талкулоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору У.К. Карыпбеков Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Нарын облусу боюнча куратору К.К Кускаков Агентиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев кызматкерлери Омурзаков М.Ж., Мамасалиева Т.Э., Бакасов С., Карыя С. КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн Сапаров А.С. Минстерстволордон жана ведомстволордон Табылдиева А.К., Айдаралиева Н.Н., Кубанычбекова К.К., Жаркынбаева А.Ж., Энназаров Т., Алыбекова Н.О., Бопушева Ч.Ж., Таипова Т.С., Субанова К.С., Ногойбаев Э.А., Толоков Н. Өкмөттүк эмес уюмдардан Орозбаев Б.И., Бекиев Б.Ж., Айткулов Б., Байсаков Б., Кожошева Н., Малбекова А.М., Джаныбаев А.А. ж.б. катышты.
Ошондой эле, чакырылган министрликтердин жана ведомстволордон келген өкүлдөрүнө жарлыктардын аткарылуусуна тийишелүү болгон жетекчиликтерине өз деңгээлде көңүл бөлбөй жаткандыгын, жыйында алардын ордуна келген өкүлдөрдөн жетекчилигине аткаруу боюнча өз убагында чара көрүү зарыл экендигин жеткирүүнү сунушу берилди.
Андан сырткары, көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Агенттик тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун иштелип чыккандыгын маалымдады.
Жыйынын катышуучулары Жарлыктын долбоорун талкулап, Агенттиктин төмөнкү сунуштарын колдошту.