«Санарип аймак» электрондук тутумуна каттоо ишин жакшыртуу максатында 10- майдан баштап 31- майга чейин атайын иш чара башталды.
Учурда айыл өкмөттөрдүн тийиштүү адистери айылдарды кыдырып жеринде жарандарды каттоо ишин башташты.
Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Жергиликтүү бийлик жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурууда.
Сүрөт Ош облусунун Жылалды жана Жоош айыл өкмөттөрүнүкү.