Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ
№24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс
өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жарлыгына ылайык,
Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтү административдик муниципалдык
кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы (У-А) 1 шт.бирдик: Айыл
өкмөтүнүн социалдык коргоо маселелери боюнча башкы адиси (У-Б) 1 шт.бирдик: Айыл
өкмөтүнүн айыл чарба, жер маселелери боюнча башкы адиси (У-Б) 1 шт.бирдик:
1) Кесиптик билим деңгээли: • тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) Иш стажысы жана тажрыйбасы: • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы
жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес
иш стажы.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН
ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН): – өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып, 10жумушчу
күндүн ичинде Тогуз-Торо району, Кара-Суу айылы, А.Кыдыршаев көчөсү №16 дарегинде
кабыл алынат.
Байланыш телефондору: (03738)60005, 0704536852
Конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет