Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызматтарга, кенже
административдик кызмат орундарына кадрлардын резервин түзүү үчүн ачык
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна
жалпы квалификациялык талаптар:
Кенже административдик кызмат орундарынын топтору үчүн: (К-А, К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана
башкаруу, педогогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптарды койбостон
3) кесиптик компеттентүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү;
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат
орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
нускама;
— Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү
адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
-Компьютердик жана уюуштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
4.Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү;
-Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү
(Word, Excel, intodocs жана башкалар).
5. Талап кылынуучу иш кагаздары:
 Сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арыз;
 кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
 билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген
жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан
тастыкталган);
 паспорттун көчүрмөсү;
 эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги
кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
 өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)
 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
 ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 2 жуманын ичинде кабыл алынат.
.
Сынак өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет
Дареги: Сузак району, Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсү,5. тел.: (03748)5-02-44
0556615180