Талас районунун Арал айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Талас районунун Арал айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
— бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун (айыл чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар багытында (М-А )) ээлөөгө;
— бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун
(иш кагаздарын алып баруу багытында (М-Б )) ээлөөгө;
— бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун (аскердик эсепке алуу багыты боюнча(М-Б ))ээлөөгө;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттуулугу жок;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (айыл чарбасы жана өзгөчө кырдаалдар багытында (М-А )) үчүн:
• жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
• иш стажына талаптар коюлбайт;
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (иш кагаздарын алып баруу багытында (М-Б )) үчүн:
• жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
• иш стажына талаптар коюлбайт;
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (аскердик эсепке алуу багыты боюнча(М-Б ))үчүн:
• жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
• иш стажына талаптар коюлбайт;
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын.
• Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндо» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттикжана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
-көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас району, Арал айылы, Чыныке-Бий көчөсү №1, Арал айыл өкмөтүнүн имараты, Тел.0704 04-25-68 ; 0773 04-25-68;