Кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
- Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу ( Аскердик эсепке алуу столунун инспектору боюнча)
- бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттулугу жок;
4) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
- Кесиптик билимдин деңгээли
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы
— иш стажына талаптар коюлбайт;
-негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
-билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын саппатуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо -талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдоонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө.
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
-бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
-кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү( 4х6-2 даана);
-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогоруулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди, төмөндөгү дарекке газетага жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 8-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Талас району району, Талды-Булак айылы, Турду-Аке көчөсү №24, Осмонкулов айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. . Моб. 0700569256