Тестирлөө бөлүмүндө (борборунда) октябрь айында мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине, жалпысынан 874 талапкер конкурска өтүнмө берип, 698 талапкер компьютердик тестирлөөгө катышты. Алардын ичинен 50 пайыздык чектен 334 талапкер өттү, катышпагандардын саны 166 талапкер, ал эми административдик муниципалдык кызматка жалпысынан 253 талапкер конкурска өтүнмө берип, 204 талапкер катышты, келбегендердин саны 49, 50 пайыздык босогодон 90 талапкер өттү.
Ошондой эле Муниципалдык резерв кадрына тестирлөө өткөрүлдү. 19 талапкер тестирлөөгө катышып, 60 пайыздык босогодон 5 талапкер өттү, 6 талапкер тестирлөөгө келген жок.
Облусттук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер катышты, 60 пайыздык босогодон 1 талапкер өттү, келбегендердин саны 0.
Облусттук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна 8 талапкер катышты, 60 пайыздык босогодон 3 талапкер өттү, келбегендердин саны 4.
Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна 5 талапкер катышты, 60 пайыздык босогодон 2 талапкер өттү, келбегендердин саны 1.
Ошондой эле Региондук резерв кадрына тестирлөө өткөрүлүп, катышкандар 13 талапкер, 60 пайыздык босогодон 3 талапкер өттү, 4 талапкер келген жок.