Тестирлөө залдарынын жайгашкан жери
- Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча компьютердик тестирлөө Бишкек ш., Чүй пр., 122 дареги боюнча тестирлөө залында өткөрүлөт.
- Талас облусу боюнча компьютердик тестирлөө Талас ш., Бердике Баатыр көч., 287 дареги боюнча тестирлөө залында өткөрүлөт.
- Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча компьютердик тестирлөө төмөнкү шаарлардагы тиешелүү тестирлөө залдарында өткөрүлөт:
— Каракол, Абдрахманов көч., 105;
— Нарын,Ленин көч., 76;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча компьютердик тестирлөө төмөнкү шаарлардагы тиешелүү тестирлөө залдарында өткөрүлөт:
— Ош, Ленин көч., 221;
— Жалал-Абад, Эркиндик көч., 11;
— Баткен, Сыдыков көч., 1.
- Айрым учурларда тестирлөө өткөрүү орду Агенттик менен макулдашылып, мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталышы мүмкүн.
- Бишкек шаарында тестирлөө өткөрүү убактысы тестирлөө бөлүмү (борбору) тарабынан аныкталат, калган залдарда тестирлөө Агенттиктин тестирлөө бөлүмү (борбору) менен макулдашуу боюнча Агенттиктин аймактык бөлүмдөрү тарабынан аныкталат.