Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызматын орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Квалификациялык талаптар:

 

  • Башкы кызмат орундары үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— Жогорку билим (бакалавр, магистр) – бардык багыттар боюнча.

    Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

 

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (бакалавр, магистр) тиешелүү багыттагы — ошондой эле финансы, экономика, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, экология, курулуш, транспорттук техника жана технология, геодезия жана жерге жайгаштыруу, энергетика, гуманитардык, социалдык кызмат, педогогикалык тармактардагы жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

 

  • Кенже кызмат орундары үчүн:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— Тиешелүү багыттагы жогорку билим; (гуманитардык, социалдык кызмат, саламаттык сактоо, педагогикалык, экономика, финансы, техникалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Иш стажысына талап коюлбайт.

 

     Кесиптик компетенттүүлүгү:

1) Башкы кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү:

КР жалпы мыйзамдарын мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Адам ресурстарын башкаруу жаатында;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекетик жана расмий тилдерди;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын  «Жарандарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын  «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын  «Кызыкчылыктардын  кагылышуусу  жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын  «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө».

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын  «Мамлекттик тил жөнүндө» Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын «Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Мыйзамы;- Кыргыз Республикасынын  “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

2) Улук кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү:

КР жалпы мыйзамдарын мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекетик жана расмий тилдерди;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө; Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын 202-жылдын 3-мартындагы 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — (предметтик тест үчүн) багыттар боюнча.

 

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын. Ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш-чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

—  Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө».

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: — (предметтик тест үчүн) багыттар боюнча.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер (атайын папкада ДЕЛО№ тиркелген):

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы саат 09:00дан 18:00га чейин.

 

Дареги: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман а. Тоголок Молдо көч. №53. Тел: (03738) 50005, моб: 0777 72 92 90

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *