АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
1.Башкы кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет.
- кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелуу кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
- Улук кызмат орундарына кардлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет.
- Кесиптик билим деңгээли:
-жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелуу кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
- Кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер Тон районунун Кажы-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүндө, массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин кабыл алынат. Кошумча маалыматтады алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыныздар 0(3497) 92127, 0709697265 дареги: Кажы-Сай айыл аймагы Жунушов №1 көчөсү.
Толук маалыматты мамлекеттик кадр кызматынын сайытынан ала аласыздар.