Тоң районуна караштуу Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже муниципалдык кызматынын кадрлар резервине конкурс жарыялайт:
Коюулуучу квалификациялык талаптар:
- Муниципалдык кызмат орунунун башкы тобу үчүн жогорку билим; жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жалпы мыйзамдарын билүүсү; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/ же расмий тилдерди билүүсү;
- Муниципалдык кызмат орунунун улук тобу үчүн жогорку билим; жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жалпы мыйзамдарын билүүсү; Ошондой эле тиешелүү тармактагы: Кыргыз Республикасынын «Салык эмес кирешелер жөнүндө» кодексин, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын андан сырткары кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүүсү;
- Муниципалдык кызмат орунунун кенже тобу үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим; иш стажысына талаптар коюлбайт; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана жалпы мыйзамдарын билүүсү; Ошондой эле тиешелүү тармактагы: Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын андан сырткары кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүүсү;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- аттестациялык- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
- резюме (өздүк таржымал, электрондук почта жана соттуулугу бар же жок маалыматы менен);
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү;
- нотатиурсан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (кенже орунга эмгек китепче талап кылынбайт)
- паспорт көчүрмөсү;
Документтер 2023- жылдын 23- майында саат 17-00гө чейин
Көк- Мойнок айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жооптуу катчы Ж. А. Самудиновага кайрылыңыздар 0707831130