Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик аймактарда тармактык ларды уюштуруу ишин улантууда.
Түндүк аймактар аралык башкармачылыгынын кызматкери Эрмек Океновдун катышуусунда, коомдук «Digi Konush» бирикмеси менен биргеликте «Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» пилоттук долбооруна кирген Ысыккөл облусуна караштуу, Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын активисттери жана жашоочуларына тренинг-семинар өтүүдө.
Ошондой эле, катышуучуларга Агенттик тарабынан иштелип чыккан жергиликтүү жамааттардын “Типтүү уставы” презентацияланды.
Семинардын жүрүшүндө жергиликтүү жамааттын Уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча усулдук көрсөтмөлөр берилүүдө.