Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл обулусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнундө жарлыгынын аткарылышы боюнча эки күндүк кеңешме иш-чарасы өтүүдө.
Кеңешмеге КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М. Омурзаков, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Т.Мамасалиева, Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү секторунун башчысы С.Бакасов, аталган мекеменин кызматкерлери Самаган Карыя, Э. Окенов, Түп районунун акими, Айыл өкмөт башчылары, ФЭБ башчылары катышууда.
Иш-чара Түп районунда өтүп, эки күнгө созулмакчы.