Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 9-декабрь күнү Жергиликтүү маанидеги маселелерди, кадр маселелерине байланыштуу суроолорду жана аттестациялоону жүргүзүүнү талкуулоо боюнча атайын кереге кеңеш уюштурулду.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүнүн орун басары: Толтоев Эрнист Мукашбекович, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администарциялардын башчылары — акимдердин орун басарлары, аппарат жетекчилери, райондогу мамлекеттик органдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик кызматтын ардагерлери, коомдук ишкерлер, Ош областынын прокуратурасынын өкүлдөрү, Кыргыз Республдикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Ош шаардык калкты каттоо бөлүмүнүн өкүлү, Ош облусунун Юстиция башкармалыгыны өкүлү, ветеринардык башкармалыктын өкүлдөрү катышып, тегерек столду Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси З.Т.Тургунбаев алып барды.
Тегерек столдо азыркы мезгилдеги жергиликтүү маанидеги бир топ маселелер, анын ичинде бузуулар кодексинин реестри, социалдык маселелер, маалымкаттарды берүү, мураскорлорго байланыштуу көйгөйлөр кызуу талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.
Андан сырткары, Муниципалдык кадрлар резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дайындалышы, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлар резерви жана дайындоолор, ротациялоо, аттестациялоо маселелери боюнча да түшүндүрмөлөр берилип, тегерек столдо суроо жооптор менен талкуулоо кызуу болду.
Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары тарабынан бир топ сунуштар айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *