Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын                               5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана аларды иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 9-декабрындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө”                        № 21 буйругуна жана 2022-жылдын 17-февралындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө” № 30 буйругуна ылайык,

Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгына 124 талапкер арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 14-15-16-март күндөрү компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат

Ош шаары жана Ош облусу боюнча:

— райондук маанидеги шаардын мэрлери кызмат ордуна чакырылгандар 39, катышкандар 22, келбегендер 17, катышкандар 56,4%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 11.

— райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна чакырылгандар 65, катышкандар   45, келбегендер 20, катышкандар 69,2%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 19.

— айыл өкмөт башчы кызмат ордуна чакырылгандар 20, катышкандар   14, келбегендер 6, катышкандар 70,0%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 8.

 

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат

Ош шаары жана Ош облусу боюнча:

— райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19;

— райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19;

— айыл өкмөт башчы кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 7.

PHOTO-2022-03-24-10-37-14.jpgPHOTO-2022-03-24-10-37-14.jpg