Түштүк Кореядагы магистрдик программаларга кабыл алуу жарыяланат!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (Агенттик) Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы кеңсеси менен бирдикте мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлерди жана мамлекеттик сектордун кызматкерлерин “KOICA стипендиялык программасы 2023” программасынын алкагында магистратурага кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.

Окутуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, экономикалык өнүгүү, туруктуу өнүгүү үчүн потенциалды жогорулатуу, жарандык коомдогу лидерлик, социалдык экономика, климаттын өзгөрүшү, санариптик инновациялар жана башка тармактарда өтөт.

Стипендиялык программа, университеттер, университеттер сураган документтердин толук пакети жана анкеталар жөнүндө маалыматты төмөнкү шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот: https://cloud.mail.ru/public/mgKo/2kbqB3ajm

  1. Талапкерлерге коюлган талаптар:
  • Жогорку билим;
  • Англис тилин жогорку деңгээлде билүү;
  • Мамлекеттик/муниципалдык кызматта жана мамлекеттик сектордо 2 жылдан кем эмес иш стажы;
  • 40 жаштан жогору эмес (артыкчылыктуу).
  1. Корея Республикасында окуу үчүн конкурстук тандоого катышууда төмөнкү документтер топтому талап кылынат:
  • Арызды (KOICA Application Form) англис тилинде толтуруңуз;
  • Агенттиктин дарегине орус тилинде коштомо кат;
  • KOICA Kyrgyzstan Office дарегине англис тилинде (расмий мөөрү менен) талапкердик кат (nomination letter).
  • Корея Республикасынын университеттери сураган документтердин толук пакети (жогорудагы шилтемеден караңыз);
  • Чет өлкөлүк паспорттун (загранпаспорт) көчүрмөсү;
  • Эмгек китепчесинин орус тилиндеги күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (мөөрү менен).
  • *Университет сураган бардык керектүү документтер чапталган конвертте болушу керек.

Документтердин топтомун 2023-жылдын 22-февралына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүүнү суранабыз: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 211-каб.

Толук эмес берилген же квалификациялык талаптарга жооп бербеген документтер каралбайт.

Программа жана керектүү документтерди толтуруу боюнча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 66-01-93, +996 554 20 96 63 (whatsapp), Тариэл уулу Шамиль.